Газага дагы бир жардам кемеси барат
Вице – премьер Вейси Кайнак : «Курман айт майрамынан мурда буйруса дагы бир кемени даярдайбыз»,- деди
Вице – премьер Вейси Кайнак Газага карата гуманитардык жардамдардын улантыларын белгилеп : «Курман айт майрамынан мурда буйруса дагы бир кемени даярдайбыз»,- деди.
Вейси Кайнак Өлкө тышындагы маданий фонддор жана багыттоо кеңешинин жыйынында журналисттердин Түркия – Израиль карым – катнаштарынын нормалдашуусу тууралуу суроолор боюнча эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда «Мави Мармара» кемесине жасалган кол салуудан улам карым – катнаштардын тоңдурулгандыгын эске салды. Кайнак Түркиянын макулдашуу менен карым – катнаштарын жандандыруу үчүн ортого салган шарттрадын бир бирден ишке ашкандыгын, Израиль тарабынын Газага карата гуманитардык жардамдардын Түркиянын координациясы менен аткарылуусун кабыл алгандыгын белгиледи. Бул кадам менен 7 жылдан бери ачык абакта жашаган 1 миллион 800 миң газалыкка Рамазан майрамынан мурда 11 миң тонна жардам жеткрилгендигин айткан Кайнак : «120 миң балага кийим – кече, 50 миң жуп бут кийим, оюнчак, дары – дармек, азык – түлүк даярдалды. Израиль мамлекети абдан чоң аракет кылууда. Абдан кыска убакта кемени бошотту. Арапа күнү башталган жардамдарды таркатуу улантылууда»,- деди.
Тектеш кабарлар
«Seven Seas Voyager» Антальяда
"Seven Seas Voyager" круизинин кийинки багытынын Санторини порту болоору маалымдалды.