Сириялыктарга атуулдук берүү чоң маселе эмес

Эрдоган Польшадагы НАТОнун Лидерлер саммитинен кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

526937
Сириялыктарга атуулдук берүү чоң маселе эмес

Президент Режеп Таййип Эрдоган сириялыктарга атуулдук берилиши жөнүндөгү көз карашын кайталап, сириялыктардын Премьер-министрликке караштуу топтуу турак жай менен камсыздоо башкармалыгынын (TOKİ) үйлөрүнө жайгаштырыла турганын айтты.

Эрдоган Польшадагы НАТОнун Лидерлер саммитинен кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бүгүнкү күндө бир түрк, Германия же Америка атуулу болуп жатса, ошондой эле нерсенин Түркияда баш калкалоочу абалындагы сириялыктар үчүн да мүмкүн боло турганын белгилеген президент Эрдоган, айрыкча сириялыктар менен бул аймакта көп жылдар бою туугандык, достук жана жакын укуктук мамиледе жашагандарына шилтеме кылды.

Сириялыктардын атуулдук алышынын Түркиядай чоң өлкө үчүн маселе болбой турганын да белгилеген президент Эрдоган: «Бул улут учурда 79 миллион кишиси менен 780 миң км чарчы жерде жашап жатат. Биздин жарымыбыздай территориясы болгон Германияда 85 миллион киши бар. Ошондуктан бул маселени да ашып өтө турган өлкөбүз»,-деди.

Баш калкалоочулардын көп жылдар бою качкындар лагеринде камалып тура албай турганын айткан президент Эрдоган: «ТОКИнин колунда бош турак үйлөр бар. Биз ахыска түрктөрүнө Эрзинжанда кандай үйлөрдү берсек, алар муну бөлүп бөлүп төлөшөт, буларга да белгилүү бир отурукташуу жана жумуш менен камсыздоо саясаттарын ишке ашыруу менен ошондой эле нерсени кыла алабыз»,-деди.

Жикчил террор уюму ПККнын «Бахоз Эрдал» каймана аттуу жалган башкаруучусу Фехман Хүсейиндин өлтүрүлгөнү жөнүндөгү кабарлардын тастыкталышы үчүн иштер уланып жатканын билдирген Эрдоган: «Бизге келген маалыматтар да ушундай. Сирия тарабында 14 кишилик топ менен баратканда өлтүрүлгөнү жөнүндө маалыматтар бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар