Террорго каршы операциялар...
ПКК жана ДЕАШ террористтерине улам операция жүргүзүлүп, башын көтөргөн жерде жок кылынууда.
Түрк куралдуу күчтөрү жикчил террор уюму ПККга Миргесав жана Даглыжанын элет жерлеринде абадан операция жүргүздү.
Согуштук учактар алынган чалгындоо маалыматтары такталгандан кийин аймакта белгиленген жети бутаны бомбалады.Милдеттерин ийгиликтүү аткарган согуштук учактар коопсуз түрдө базаларына кайтты.
Бул учурда Сириянын түндүгүндө Барагитах, Тел Ахмар жана Шахание аймактарында Түркияны көздөй ок атууга даярданып жатканы белгиленген террор уюму ДЕАШ жайгашкан жерлер Фыртына пушкалары менен бомбаланды.
Атылган октор жана коалиция учактары тарабынан Дабык аймагына жүргүзүлгөн абадан кыймылдын жыйынтыгында «Катюша» ракеталары жана минометтон турган 10 бута атылды, ДЕАШтын 8 террористи жок кылынып, штаб катары колдонулган имараттын таш талканы чыгарылды.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.