Эрдоган - Селман сүйлөшүүсү

Эрдоган жана король Селман карым – катнаштарды дагы да күчтөндүрүү тууралуу чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешти

523994
Эрдоган  - Селман сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Сауд Аравиядагы террордук кол салууну айыптады. Эрдоган Сауд Аравия королу Селман бин Абдүлазиз Ал Сууд менен кечинде телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Сауд Аравиянын королу Селманды жана бардык саудиялыктарды Рамазан майрамы менен куттуктаган президент Эрдоган Сауд Аравиядагы террордук кол салууну айыптап каза болгон күнөөсүз кишилер үчүн көңүл айтып, жаралангандарга шыпаа тиледи.

Президент Эрдоган жана король Селман Түркия менен Сауд Аравиянын ортосундагы карым – катнаштарды дагы да күчтөндүрүү тууралуу чечкиндүүлүктөрүн баса белгилешти. Король Селман да бардык түрк калкын Рамазан майрамы менен куттуктады.

 



Тектеш кабарлар