Германиянын коргоо министри көңүл айтты

Урсула вон дер Лейен улуттук коргоо министри Фикри Ышыкка телефон чалып Стамбул Ататүрк аэропортундагы террордук кол салуудан улам көңүл айтты

521768
Германиянын коргоо министри көңүл айтты

Германиянын коргоо министри Урсула вон дер Лейен улуттук коргоо министри Фикри Ышыкка телефон чалып Стамбул Ататүрк аэропортундагы террордук кол салуудан улам көңүл айтты. Улуттук коргоо министрлигинин жетекчилеринен алынган маалыматка караганда Вон дер Лейен террордук кол салуулардан санааркаганын билдирип, Түркиянын жанында экендерин айтты. Орток максаттын терроризм  жана ДЕАШ менен күрөшүү экендигин белгилеген Вон дер Лейен Германия менен НАТОнун бул тууралуу Түркиянын жанында экендигин баса белгиледи.

Польшада 8 – 9 – июлда боло турган НАТО мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде  министр Ышык менен жолугушууну каалаганын да айткан Германиянын коргоо министри Вон дер Лейен эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Инжирлик базасында бирдикте иштегенин белгилеп, Германиянын ал жердеги элементтеринин ДЕАШ менен күрөшкө салымын кошконуна токтолду.

Коргоо министри Ышык да Вон дер Лейенге көңүл айтканы үчүн рахмат айтты. Ышык 1915 -  жылдагы окуяларга байланыштуу Германия фдералдык парламентинде чыгарылган чечимдерден улам ашылышы  керек болгон маселелердин бар экендигин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын нормалдашуусун каалагандыгын, бирок түрк калкынын Германия федералдык парламентинин чыгарган чечиминен улам санааркаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар