Стамбулдагы терактта каза болгондордун саны көбөйүп баратат

Бинали Йылдырым, «Ататүрк» аэропортунда болгон мыкаачылык кол салууда каза болгондордун саны 36 кишиге жеткенин жарыялады.

520298
Стамбулдагы терактта каза болгондордун саны көбөйүп баратат

 

Премьер-министр Бинали Йылдырым, «Ататүрк» аэропортунда болгон мыкаачылык кол салууда каза болгондордун саны 36 кишиге жеткенин жарыялады.

Өкмөт башчы коопсуздук күчтөрүнүн алгачкы белгилөөлөрү кол салуунун кылмышкерлеринин террор уюму ДЕАШтын мүчөлөрү болгонун көрсөтүп турганын айтты.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, окуяда жаракат алган 147 кишинин арасында абалы оор болгондор да бар экенин билдирди.

Йылдырым карапайым адамдарды бутага алган мыкаачылык кол салуунун, террор менен күрөшүүнүн ийгиликтүү уланган, коңшулар менен карым-катнаштарда  нормалдашуу процесси башталган ушул мезгилге туш келгенине көңүл бурду.

Террордун глобалдык өлчөмүнө токтолгон өкмөт башчы, террор менен күрөшүүнүн да глобалдык өлчөмдө жүргүзүлүшү керектигин белгилеп кетти.

Түркия бул мыкаачылык кол салууларды жеңип чыга турган күч кубатка ээ экендигин айткан Бинали Йылдырым, бардык атуулдарды ынтымакка чакырды.

Йылдырым аэропортто транспорт калыбына келгенин да белгиледи.

Учурда теракт тууралуу иликтөө ылдам уланууда.



Тектеш кабарлар