Стамбулдагы кол салууга карата өлкө тышынан каршы чыгуулар

Huffington Post медиа мекемеси кол салууда каза болгондордун элесине кызыл гүл менен түрк байрагын жанаша койгон логотип жарыялады

520505
Стамбулдагы кол салууга карата өлкө тышынан каршы чыгуулар

Германиянын канцлери Ангела Меркель Ататүрк аэропортунда болгон террордук кол салууну айыптады. Меркель : «Бардык түрк калкына террор менен күрөшүүдө бирдикте экендигибизди жана бир бирибизди колдой тургандыгыбызды айткым келет»,- деди. Франциянын президенти Франсуа Оллан да  : «Бул кол салууну катуу айыптаймын. Түркияда бир биринин артынан болгон кол салуулардан санааркап жатам»,- деди. Франциянын премьер – министри Мануэль  Валлс болсо өлкөсүнүн терроризмге каршы түрктөрдүн жанында экендигин баса белгиледи.

Италиянын премьер – министри Маттео Рензи да социалдык бөлүшүү сайтынан берген маалыматта : «Түрк калкынын санаасын бөлүшөбүз. Бардык жерде террорго каршыбыз»,- деди.

Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдүлазиз президент Эрдоганга көңүл айтты. Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф болсо социалдык медиадан : «Террор дагы бир жолу жаман жүзүн көрсөттү. Зомбулук дүйнөнү коркуткан ашыкчалык. Дайыма бирдикте аны менен күрөшүүбүз керек»,- деди.

АКШдан да кол салууну айыптаган маалыматтар келүүдө. Ак үй кол салууну айыптап Барак Обаманын да абалдар тууралуу маалыматтандырылганы билдирилди. Американын өкүлдөр парламентинин төрагасы Пол Райан : «Терроризм эч качан жеңиш менен чыкпайт. Бул кол салууга каршы союздашыбыз Түркиянын жанындабыз»,- деди.

Америка копмьютер дөө – шаасы Appleдын СЕОсу Тим Кук кол салуу тууралуу социалдык медиа эсебинен түркчө маалымат жарыялады. Маалыматта : « Дуаларыбыз түрк калкы үчүн»,- деп айтылды. Бир тараптан испаниялык ырчы Энрике Игласяс да социалдык медиа эсебинен : «Жүрөгүм сени менен Стамбул»,- деп бөлүштү.

Американын санариптик Huffington Post медиа мекемеси кол салууда каза болгондордун элесине кызыл гүл менен түрк байрагын жанаша койгон логотип жарыялады.



Тектеш кабарлар