Президент Эрдоган кол салуу тууралуу маалымат берди

Р. Т. Эрдоган бардык мамлекеттердин террордук уюмга каршы биргеликте күрөшүүсү керектигин айтты

520465
Президент Эрдоган кол салуу тууралуу маалымат берди

 Президент Р. Т. Эрдоган террордук уюмдар үчүн Стамбул менен Лондондун, Анкара менен Берлиндин айырмасы жок экендигин, бардык мамлекеттердин террордук уюмга каршы биргеликте күрөшүүсү керектигин айтты. Эрдоган Стамбул «Ататүрк» аэропортунда болгон террордук кол салуу тууралуу маалымат берди. Кол салуунун террордук кол салуунун күнөөсүз кишилерди бутага алган караңгы жүзүн дагы бир жолу ортого салганын айткан Эрдоган террордун курмандыктарынын арасында бөлүүчүлүк кылбастан кыймыл кылгандыгына көңүлдөрдү бурду. Эрдоган : «Стамбул менен Лондондун, Анкара менен Берлиндин, Измир менен Чикагонун, Анталья менен Римдин айырмасы жок. Бардык мамлекеттер, бардык адамзат катары кол кармашып террордук уюмуга каршы бирдикте күрөшпөсөк, бүгүн оюбузга келбеген ыктымалдар ишке ашышы мүмкүн. Ататүрк аэропортундагы кол салуунун Батыш өлкөлөрү башта болуу менен бүткүл дүйнөдө террордук уюмдарга каршы бирдикте күрөшүү үчүн бир бурулуш жери болушун каалаймын»,- деди.



Тектеш кабарлар