"Ататүрк" аэропортундагы кол салууда каза болгондордун саны кырк бирге жетти

Каза болгондордун он үчү чет элдик

520880
"Ататүрк" аэропортундагы кол салууда каза болгондордун саны кырк бирге жетти

Стамбул губернаторлугу «Ататүрк» аэропортундагы террордук кол салууда каза болгондордун санынын кырк бирге жеткендигин билдирди.  Губернаторлуктун жазуу түрүндөгү маалыматына караганда каза болгондордун он үчү чет элдик. Жараланган жүз отуз жарандын дарыланууну улантууда.

Кол салуу ыктымалдуу түрдө террордук уюм ДЕАШ тарабынан жасалган. Кол салуудан кийин учууларга жабылган «Ататүрк» аэропорту саат 02:22де кайрадан ачылып, терминал ишин улантты.

«Ататүрк" аэропортунда болгон террордук кол салуудан кийин Стамбулга келген туристтер террордун максатына жетпеши үчүн Түркияга келүүнү жана саякатка чыгууну улантышарын айтышты. Бир тараптан өлкө масштабында бир күндүк аза күтүү жарыяланып, байрактар жарымга түшүрүлдү.



Тектеш кабарлар