Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда жарылуу болду
Алгачкы белгилөөлөргө караганда 10 киши каза болгону билдирилүүдө.
520223
Мыкаачы террористтер бул ирет Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортун жардырды. Алгачкы белгилөөлөргө караганда 10 киши каза тапты. Террорист автомат менен туш келди аткылап, андан соң өзүн жардырып жибергени айтылууда.
Вице-премьер Бекир Боздаг, 10 киши каза тапканын айтты. Мыкаачы террористтер аэропорттун автоунаа токтоочу жайын жардырып жиберди. Аэропорт тарапка көп сандаган тез жардам унаалары жана өрт өчүргүчтөр өткөрүлдү.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө маалымат берилди.