Эрдоган Путинге көңүл айтты

Эрдоган, Түркиянын аба мейкиндигин бузганы үчүн 24-ноябрда атып түшүрүлгөн орус учагынын учкучунун көз жумганына капа болгонун билдирди.

519424
Эрдоган Путинге көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын аба мейкиндигин бузганы үчүн 24-ноябрда атып түшүрүлгөн орус учагынын учкучунун көз жумганына капа болгонун билдирди.

Президенттин катчысы Ибрахим Калын, Эрдогандын Орусиянын лидери Владимир Путинге жөнөткөн көңүл айтуу катында тийиштүү ачыктоону жасады.

Президенттин катчысы Калын, президент Эрдогандын Орусиянын президенти Путинге жиберген катында  орус аскердик учагынын түшкөнүнө байланыштуу терең кайгырганын белгилеп, «Каза болгон орус учкучтун үй-бүлөсү менен дагы бир жолу кайгыларын бөлүшкөнүмдү белгилеп, кайрат кылууларын тилеймин; таарынышпасын деймин», деген сөздөрүн айтты.



Тектеш кабарлар