Президент Эрдоган Стамбул Халич Конгресс Борборунда ифтарга катышты

Операциялар өлкөгө тынчтык жана бейкуттук алып келгенге чейин улантылат

513283
Президент Эрдоган Стамбул Халич Конгресс Борборунда ифтарга катышты

Президент Р. Т. Эрдоган террор менен күрөшүү тууралуу чечкиндүүлүккө басым жасап операциялардын өлкөгө тынчтыкты, бейкуттукту алып келгенге чейин улантарын айтты. Президент Эрдоган кээ бир жарандык коом уюмдары тарабынан Стамбул Халич Конгресс Борборунда берилген ифтарга катышты. Эрдогандын күн тартибинде террор менен күрөшүү орун алды. Президент : «Операциялар террор менен күрөштө өлкөбүзгө тынчтыкты, бейкуттукту алып келгенге чейин улантылат жана бул иште ийгиликтүү болобуз жана бул жерде чечкиндүүбүз»,- деди.

Президент Эрдоган Европа өлкөлөрүнө да кайрылып : «Европа парламентинин имаратынын коридорлоруна террордук уюмдардын байрактарын илгендердин, алардын алдында поз бергендердин жана аларды  ошондой кыймыл кылууга түрткөндөрдүн бул өлкөдө : «Биз террор менен күрөшүүдөбүз» деп айтууга укугу жок.  Муну Европа парламентинин алдыңкыларына айтып жатам. Кимди алдап жатасыңар? Муну менен эч жерге бара албайсыңар»,- деди.

 



Тектеш кабарлар