Түркия жөн эле катардагы бир өлкө эмес

Эрдоган, Европа Биримдиги менен карым-катнаштарда улуттук кызыкчылыкты коргоо менен жеткен жерине чейин бара тургандарын айтты.

510209
Түркия жөн эле катардагы бир өлкө эмес

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдиги менен карым-катнаштарда улуттук кызыкчылыкты коргоо менен жеткен жерине чейин бара тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, Президенттик комплексиндеги ооз ачуу программасында эл өкүлдөрүнө кайрылган сөзүндө, ЕБ менен карым-катнаштарында жергиликтүү жана улуттук кызыкчылыктан эч качан баш тартылбашы керектигин баса белгиледи.

Түркиянын жөн эле катардагы бир өлкө эмес экенин баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын ЕБне толук мүчөлүгү үчүн 3 миңинчи жылды көрсөтүп, эч ким биздин чыдамыбызды сынаганга аракет кылбасын»,-деди.

Президент Эрдоган сөзүндө террор уюмдары менен күрөшүүгө да токтолду.

Террор уюмдары менен ичкериде жана тышкарыда жүргүзүлгөн көрүштү чечкиндүүлүк менен уланта тургандарын сөз кылган Эрдоган: «Мамлекеттин террористке темир муштумун, жабыр тарткан аймак калкына мээримдүүлүгүн көрсөтүп, толук чара көрүп тынчтык жана коопсуз чөйрөнү куруп, күчтөндүрөбүз. Сирия чек араларыбызда өлкө жана улут катары келечегибизди коркунучка сала турган түзүлүшкө, саясий, дипломатиялык, аскердик бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонуп акырына чейин каршы чыгабыз. Ким болсо дагы Сириянын түндүгүндө ушундай бир түзүлүшкө Түркия катары уруксат бербейбиз»,-деди.

Президент Эрдоган экономикада да кыска мөөнөттө экспорт жана туризмдеги маселелерди чече тургандарын, орто жана узун мөөнөттө 2023-жыл максаттарына жетүүсүн камсыздай турган, структуралык реформаларды ишке ашыра тургандарын айтты.

Демократия, укук жана эркиндиктер тармагындагы эмгектерин, Түркияга багытталган бардык коркунучтарга карабастан тынымсыз уланта тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Анткени демократия, өнүгүүнүн да тынчтыктын да негизги пайдубалы болуп саналат. 150 жылдык демократия изденүүбүздө келип чыккан маселелердин башаты болгон комплекстерди бир жакка таштап, улутубуздун жана бизден үмүттөнгөн жүз миллиондогон кишинин муктаждыктарына ылайык келген атайын демократияны куруп жана текшеребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар