Түркия өз аймагында ишенимдүү өлкө

Ушундан улам Европа Биримдиги Түркия менен тилектештик ичинде болушу керек

509821
Түркия өз аймагында ишенимдүү өлкө

Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Дональд Туск Түркиянын ишенимдүү өнөктөш экенин айтты.

Дональд Туск Германияда басылып чыккан «Bild» гезитине берген маегинде Сирия, Ирак жана Иран менен кооптуу чек аралары болгон жана эки миллиондон ашуун баш калкалоочуну кабыл алган Түркиянын өз аймагында эң ишенимдүү өлкө экенин белгиледи.

Ушундан улам Европа Биримдигинин Түркия менен тилектештик ичинде болушу керектигин баса белгилеген Туск, Түркияга киргизиле турган визасыз режимге байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн да октябрь айына чейин улана тургандыгын баяндады.



Тектеш кабарлар