Экономика министр Нихат Зейбекчи Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды

Зейбекчи президент Мустафа Акынжы тарабынан кабыл алынды

508643
Экономика министр Нихат Зейбекчи Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды

Экономика министри Нихат Зейбекчи өндүргөнүн арттыруу менен өнүккөн Түндүк Кипр Түрк Республикасын көрүүнү каалашкандарын айтты. Нихат Зейбекчи бир күндүк жолугушууларды өткөрүү үчүн  Түндүк Кипр Түрк Республикасына барды.

Зейбекчи Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жолугушууларынын алкагында биринчи болуп президент Мустафа Акынжы тарабынан кабыл алынды. Республика парламентинин спикери Сибел Сибер менен да жолугушкан министр Зейбекчи андан кийин премьер – министр Хүсейин Өзгүргүн тарабынан да кабыл алынды. Андан кийин экономика жана энергетика министри Сунат Атун менен да жолугушкан Зейбекчи 40 -Эл аралык Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жарманкесинин ачылуу аземине катышты. Зейбекчи бул жерде : «Керек болсо ассимиляция, керек болсо сиңдирүү максатында жасалган эмбарголордун Түндүк Кипр Түрк Республикасы үчүн эмне деген маанини билдиргенин билүү керек»,- деди.



Тектеш кабарлар