Президент кол тийбестиктин жоюлушун бекитти

Эл өкүлдөрүнүн мыйзамдуу кол тийбестигинин жоюлушуна байланыштуу конституцияга өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн мыйзамы Расмий гезитте жарыяланды.

506187
Президент кол тийбестиктин жоюлушун бекитти

Президент Режеп Таййип Эрдоган «Кол тийбестик» мыйзамын бекитти.

Эл өкүлдөрүнүн мыйзамдуу кол тийбестигинин жоюлушуна байланыштуу конституцияга өзгөртүү киргизүүнү көздөгөн мыйзамы Расмий гезитте жарыяланды.

Буга караганда; 1982-жылдын 7-ноябрындагы жана 2709 номердүү Түркия Республикасынын Конституциясына кошумча берене кошулду.

Бул берене күчүнө кирген күндөн баштап 15 күндүн ичинде, Конституция жана Адилет комиссияларынын мүчөлөрүнөн турган Кошмо комиссиянын төрагалыгында, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын жетекчилигинде премьер-министрликте жана Адилет министрлигинде турган мыйзамдуу кол тийбестигинин жоюлушуна байланыштуу иш козгоолор, атайын процесстин башталышы максаты менен тийиштүү органдарга жеткирилет.

Кол тийбестик мыйзамынын бекитилиши менен 152 эл өкүлүнө байланыштуу сот жолу ачылган болот.

 



Тектеш кабарлар