Түркияда бал өндүрүү

Түркия бал өндүрүүдө дүйнөдө экинчи орунда турат

506018
Түркияда бал өндүрүү

Түркия бал өндүрүүдө дүйнөдө экинчи орунда турат. Токой чарбачылыгы жана суу иштери министри Вейсел Эроглу Бал токойлору кыймыл планынын алкагында ушул күнгө чейин 249 бал токоюнун курулгандыгын жана Түркиянын бал өндүрүүдө дүйнөдө алтынчы орундан экинчи орунга чыкканын билдирди.

Эроглу  берген жазуу түрүндөгү маалыматында 2016 – 2017 – жылы 54, 2018 -2019 – жылы 60тан болуу менен жалпы 228 бал токоюн дагы курушарын белгиледи.

Түркияда  бал өндүрүүнүн 80 пайызын токой ичи жана четтериндеги бош жерлерде өндүрүлгөндүгүн айткан Эроглу : «Ары багуу  биологиялык түрдүүлүгүбүздүн сакталуусу жана келечектеги урпактарга өткөрүлүүсүндө улантууга боло турган азык – түлүк коопсуздугу жана ошол эле учурда жерди коркунучка салган эрозияны алдына алуу жактан абдан маанилүү иш»,- деди. Балда марка болуунун маанилүү экендигин баса белгилеген Эроглу ары баккандарга түрдүү колдоону берүүгө даяр экендерин билдирди.



Тектеш кабарлар