Эрдоган Стамбулдагы террордук кол салууну айыптады

Терроризмге каршы күрөш, кыямат күнүнө чейин уланат

505818
Эрдоган Стамбулдагы террордук кол салууну айыптады
istanbul, vezneciler patlama.jpg
istanbul vezneciler patlama.jpg
istanbul, vezneciler patlama.jpg
istanbul vezneciler patlama.jpg
istanbul, vezneciler patlama.jpg

Президент Режеп Тайып Эрдоган Стамбулда бүгүн эртең менен болгон жана 11 кишинин өлүмүнө себепчи болгон террордук кол салууну айыптады.

«Терроризмге каршы күрөш, кыямат күнүнө чейин уланат»,-деди.

Эрдоган террордук кол салуудан жаралангандарды көргөнү ооруканага барды.

Андан соң окуяга байланыштуу маалымат берген президент, эч кечирилгис бул кол салуунун шектүүлөрү эң кыска мөөнөттө табылаарын айтты.

Канкор террористтер бул жолу Стамбулдун Беязыт районунда ортого чыкты.

Кол салуудан 7 полиция менен 4 адам көз жумду.

Бомбалуу унаа менен ишке ашырылган кол салуудан 30дан ашуун киши да жаракат алды.

Стамбул губернатору Васип Шахин окуя болгон жерге барып иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн кийинки билдирүүсүндө, окуяда Так илимдер факультетине күзөткө туруу үчүн бара жаткан полициялардын бутага алынганы баяндалды.



Тектеш кабарлар