Шейит

Нусайбин районунда бир аскер каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жараланды

503153
Шейит

Мардиндин Нусайбин районунда  жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрү тарабынан жайгаштырылган бомбанын жардырылуусу менен бир аскер каза болуп, эки коопсуздук кызматкери жараланды.

Нусайбинде 14 -  мартта көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыялангандан кийин Түрк куралдуу күчтөрү менен коопсуздук күчтөрү тарабынан террордук уюмдарга карата жүргүзүлгөн операциялар улантылууда.

Райондо коопсуздук күчтөрүнүн изилдөөсү учурунда террористтер тарабынан жайгаштырылган колдо жасалган бомбанын жардырылуусу менен бирөөсү оор болгон үч коопсуздук кызматкери жараланды. Абалы оор болгон аскер ооруканадагы бардык жардамдарга карабастан куткарыла алган жок. Жаралуу эки коопсуздук кызматкеринин дарылануусу улантылууда.



Тектеш кабарлар