Премьер - министр Бинали Йылдырым Бакуда

Йылдырым сапарынын негизинде президент Илхам Алиев, премьер – министр Артур Расизаде жана парламенттин спикери Октай Асадов менен жолугушат

503230
Премьер - министр Бинали Йылдырым Бакуда

Премьер – министр Бинали Йылдырым эки күнгө созула турган расмий сапар менен Азербайжанга барды. Йылдырым сапарынын негизинде президент Илхам Алиев, премьер – министр Артур Расизаде жана парламенттин спикери Октай Асадов менен жолугушат. Жолугушууларда эки тараптуу карым – катнаштар менен Жогорку Карабах маселеси башта болуп аймактык жана эл аралык абалдар каралат. Йылдырым мурунку президент Гейдер Алиевдин мазарын, Шейиттер хыябаны менен түрк шейиттигин зыярат кылат.

Премьер – министрликтин басма сөз кеңешчилигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта премьер – министр Йылдырымдын биринчи өлкө тышы сапарларын Түндүк Кипр Түрк Респуликасы менен Азербайжанга жасоосу эки тараптуу карым – катнаштарга берилген маанинин көрсөткүчү болууда.



Тектеш кабарлар