ПКК жана ДЕАШка каршы абадан операция жүргүзүлдү

Анда ПКК жана ДЕАШка таандык буталар жок кылынды

500353
ПКК жана ДЕАШка каршы абадан операция жүргүзүлдү

Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүндө террордук уюм ПККга, Сириянын Халеб шаарында болсо ДЕАШка каршы абадан операция жүргүздү.

Террордук уюм ДЕАШтын Халебдин түндүгүндөгү 58 жайына замбирек жана алыс аралыкка атуучу куралдар менен бомбалоодо 28 террорист өлтүрүлдү.

Операцияда террористтерге таандык бомба жүктөлгөн эки унаа да жок кылынды.

Бир тараптан Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык согуштук учактар кечээ кечинде Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагына жүргүзгөн абадан операцияда террордук уюм ПККга таандык 5 бута бомбаланды.

Генштабдын төрагалыгынын билдирүүсүндө, кызматтарын ийгиликтүү аяктаган согуштук учактардын аскердик базага кайтып келгени баяндалды.



Тектеш кабарлар