Стивен О'Брайен Хатайды зыярат кылды

О'Брайен биринчи болуп сириялыктар үчүн ачылган «Эмел» убактылуу саламаттык сактоо комплексин кыдырды

498373
Стивен О'Брайен Хатайды зыярат кылды

БУУнун гуманитардык жардамдардан жооптуу баш катчынын орун басары Стивен О'Брайен Хатайдын Рейханлы районунда түрдүү  зыяраттарды өткөрдү. О'Брайен биринчи болуп сириялыктар үчүн ачылган «Эмел» убактылуу саламаттык сактоо комплексин кыдырып, аткарылган иштер тууралуу маалымат алды, оорулуулар менен маектешти.

Андан кийин Рейханлы «Байти»  жетимканасындагы балдар менен жолугушкан О'Брайен андан киийн Жилвегөзү чек ара капкасында  иликтөө жүргүздү. Басма сөзгө  жабык түрдө өткөрүлгөн жолугушуулар беш жарым саатка созулду. Стивен О'Брайенды тышкы иштер министрлигинин Сирия координатору Аднан Кечежи жана Хатай губернаторунун орун басары Орхан Мардинли менен Махмут Херсанлыоглу коштоодо.



Тектеш кабарлар