65-Өкмөттүн программасы жарыяланды...

Бинали Йылдырым, 65-Өкмөттүн программасын кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде окуду.

497426
65-Өкмөттүн программасы жарыяланды...

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) жетекчиси жана премьер-министр Бинали Йылдырым, 65-Өкмөттүн программасын кечээ Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде окуду.

Өкмөт программасында террор менен күрөшүү жана жаңы конституция жазуу алдыңкы планга коюлду.

Вице-премьер Йылдырым, жикчил террор уюму ПКК жана параллель террор уюму баш болгон бардык террор уюмдары менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улана турганын баса белгилеп: «Улутубуздун биримдигине, туугандыгына жана мамлекетибиздин тынчтыгына зыян келтире турган эч бир мыйзамсыз түзүлүшкө жол бошотулбайт. Улутубуз ишенип койсун террор балээси Түркиянын күн тартибинен сөзсүз чыгарылат»,-деп айтты.

Республиканын 100 жылдыгын көздөй баратканда билим берүүдө, адилеттик системасында жана экономикада боло турган түптүү өзгөрүүнүн Түркияны «жогорку кирешелүүлөр тобу» жана «адамзаттын эң жогорку өнүккөндүк деңгээлиндеги» өлкө стандарттарына жеткире турганын билдирген Бинали Йылдырым: «Өкмөтүбүз, ушул убакка дейре болгону сыяктуу улутубуздун келечегин курууда чечкиндүү түрдө жолун улантат. «Адамды жашатсаң мамлекет жашайт» девизи менен жасай турган ар бир ишибизде эң оболу адамыбыздын бакытын жана өнүгүүсүн алдыңкы планда кармайбыз»,-деди.

Атуулдардын бардыгынын ишеничине, тилине, маданиятына, баалуулуктарына, жашоо формасына жана башка бардык айырмачылыктарына урмат сый көрсөтүүнү уланта тургандарын белгилеген Йылдырым, адамзаттын өнүгүүсүн негиз кылып алып, укук жана эркиндиктердин тармагын кеңейтүүнү уланта тургандарын кошумчалады.

Түркиянын күчтүү бир укук мамлекети болушу багытында маанилүү кадамдар ташталганын белгилеген премьер-министр, саясаттын аянты кеңейе турганын, камкорчулуктун ордуна улут эркинин толук түрдө өкүмдүк кыла турганын, жаңы конституция жана система менен бирге, жаңы Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын уставы, саясий партиялар мыйзамы жана шайлоо мыйзамы да даярдалып, күчүнө кире турганын билдирди.

Йылдырым келечектин жаштардан турганын баса белгилеп, 65-Өкмөт мезгилиндеги жаңы максаттарынын, шайлануу жашын да 18 жашка түшүрө тургандарын айтты.

Ошондой эле жаңы мезгилде дагы көп жумушсузга жумуш табуу боло турганын белгилеген Бинали Йылдырым, мунун жолу да инвестицияларды ылдамдатуу менен боло турганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар