ТИКА Монголиядагы "Ататүрк" мектебин жаңылоо проектисин аяктады

"Ататүрк" мектеби тышкы көрүнүшү жана мүмкүнчүлүктөрү менен үлгү боло турган абалга келди

494726
ТИКА Монголиядагы "Ататүрк" мектебин жаңылоо проектисин аяктады

Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин башкармалыгы ТИКА Монголиянын борбор шаары Улан Батордогу "Ататүрк" мектебин жаңылоо проектисин аяктады. Проектиде  Улан Батордун Анкара проспектисиндеги "Ататүрк" мектебинин тышкы фасадында Түркиядан алып барылган таштар колдонулду. Оңдоо жана кайталоо иштеринин жыйынтыгында "Ататүрк" мектеби тышкы көрүнүшү жана мүмкүнчүлүктөрү менен үлгү боло турган абалга келди.

30 миңге жакын окуучу билим алган мектептин алдына "Ататүрктү"н бюстунун тигилгени, имараттын ичинде "Ататүрк" бурчу түзүлдү. ТИКАнын Улан Батор координация офиси "Ататүрк" мектеби менен кызматташтык түзүп, окуучуларга карата түрдүү маданий жана социалдык программалар да өткөрүлүүдө.

"Ататүрк" мектебинин окуучулары жыл сайын Анкарада өткөрүлгөн 23 -  Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамына ТИКАнын колдоосу менен катышууда.



Тектеш кабарлар