Шейит

Шемдинлидеги террордук кол салууларда эки аскер каза болду

494374
Шейит

Хаккаринин Шемдинли районундагы террордук кол салууларда жараланган аскер менен Вандын Гүрпынар районунда унаанын оодарылуусу менен жараланган аскер алып барылган ооруканада каза болду.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматта 18 -  май шаршемби күнү конвойдун коопсуздугу үчүн милдеттендирилген ок откорбос унаа Шемдинли  - Актүтүн  жолуна террористтер тарабынан жардырылып, унаадагы аскер оор жараланды.  Аскердин ооруканадагы бардык аракеттерге карабастан шейит болгону белгиленди.

Вандын Гүрпынар районундагы операциялардын негизинде аймакка келген унаанын кырсыкка учуроосу менен оор жараланган аскердин да жаткырылган ооруканада шейит болгону билдирилди. Диярбакырда  террористтер тарабынан жасалган кол салууда оор жараланган полиция кызматкери да дарыланып жаткан Гүлхане аскердик медициналык академиясында шейит болдлу.



Тектеш кабарлар