Президенттин жаштар менен жолугушуусу

Эрдоган 22 -  май жекшемби күнү кечинде шайлана турган жаңы лидерге өкмөттү куруу милдетин берерин айтты

494387
Президенттин жаштар менен жолугушуусу

Президент Р. Т. Эрдоган Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын конгресси боло турган  22 -  май жекшемби күнү кечинде шайлана турган жаңы лидерге өкмөттү куруу милдетин берерин айтты.

Эрдоган бир менчик телекөрсөтүү каналында президенттик комплексиндеги жаштар менен жолугушуусунда жекшемби күнү кечинде жаңы премьер – министрдин белгилүү болорун айтты.

Президенттик система тууралуу талаш- тартыштарга да токтолгон президент Эрдоган чоң жыйырмалар өлкөлөрүн мисал катары көрсөтүп, бул өлкөлөрдүн жарымынан көбүнүн президенттик система менен башкарылганын белгиледи. Президент Европа Биримдигинин виза эркиндиги тууралуу эртели кеч Түркияга мүмкүнчүлүк беришерине ишенгенин айтты.

Террор менен күрөшүүгө да токтолгон президент : «Түркия республикасынынкадыр – баркы, калкымын тынчтыгы түзүлгөнгө чейин бул күрөштү улантабыз»,- деди. Эрдоган Сирия жана түркмөндөр менен байланыштуу суроого Байырбужак түркмөндөрүнүн азыркы учурда жашап жаткан шарттар менен кыйынчылыктардын оңой эместигин айтып жооп берди. Байырбужак түркмөндөрүнө да бардык жардамдарды беришкендеринжана жардам берүүнү улантышарын, аларды эч качан жалгыз калтырышпай тургандарын баса белгилеп : «Түркмөн тоолорунун жеңиштин ээси болоруна ишенем»,- деди.



Тектеш кабарлар