Бинали Йылдырым АК Партиянын жетекчилигине талапкер

АК Партиянын Борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешинин жыйналышынан Бинали Йылдырымдын ысымы чыкты.

493956
Бинали Йылдырым АК Партиянын жетекчилигине талапкер

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешинин жыйналышы аяктады.

АК Партиянын катчысы Өмер Челик, партиянын жетекчилигине жаңы талапкеринин Измир эл өкүлү, транспорт, байланыш жана деңиз иштери министри Бинали Йылдырым болгонун жарыялады.

Партиянын борбордук имаратында басма сөзгө жабык өткөн жана 22-майда боло турган АК Партиянын 2-Кезексиз чоң курултайында жетекчи боло турган ысым белгиленген жыйналыш 50 мүнөткө созулду.



Тектеш кабарлар