Террорго каршы жүргүзүлгөн операциялар...

ДЕАШ жайгашкан жерлер кол салууга даярданып жатканда атылып, 68 террорист жок кылынды.

492121
Террорго каршы жүргүзүлгөн операциялар...

Сириядагы террор уюму ДЕАШ жайгашкан жерлер кол салууга даярданып жатканда атылып, 68 террорист жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрү, «Фыртына» пушкалары жана көп түтүктүү ракета учуруучу батареялары менен кургактыктан, коалиция күчтөрү болсо абадан ДЕАШ буталарын аткылашты.

Буталар таамай атылды. Уюмга таандык коргонуу жана курал жайгашкан жайлары да талкаланды.

Оппозициячылдар террор уюмунун көзөмөлүндөгү Файдиюах, Шейх Рих жана Тел Хышн аймактарын ДЕАШтан кайтарып алды.

Түркияда да террор уюму ДЕАшка каршы операциялар жүргүзүлдү.

Элазыгда 6 башка адреске коопсуздук күчтөрү тарабынан операциялар жүргүзүлдү. Анда 7 киши кармалды.

Газиантепте болсо Сириядан Түркияга өткөн ДЕАШтын мүчөсү чет элдик 5 террорист кармалды.

Жикчил террордук уюм ПККга карай акыркы операцияда 22 террорист жок кылынды. Түрк куралдуу күчтөрү Шырнакта 5, Мардинде 1 террористти жок кылды. Хаккаринин Йүксекова районунун элет жерлеринде абадан коштолгон операцияда 16 террорист жок кылынды. Операцияларда бир топ колго жасалган жарылуучу зат жок кылынды, көп сандаган ок-дары табылды.



Тектеш кабарлар