Шейит

ПКК мүчөсү террористтер менен согушкан 8 аскер каза болду

489902
Шейит

Хаккаринин Чукуржа районунда бүгүн эрте менен жикчил террордук уюм ПКК мүчөсү террористтер менен согушкан 8 аскер каза болду.  Аскерлерден алтоосу  террористтердин Чукуржа  - Чыглыктагы база аймагына кол салуусу менен чыккан кагылышууда каза болду.

Кагылышуудан кийин аймакка жиберилген "Кобра" тик учарынын техникалык бузуктуктан улам жерге түшүүсү менен эки аскер дагы каза болду. Окуяларда сегиз аскер да жараланды. Ф – 16 учагы чабуул коючу тик учар, учкучсуз аба унаасы жана  кошумча күчтөр жиберилген аймакта катуу кагылышуу улантылып, ушул кезге чейин алты терроист өлтүрүлдү.

Ошол эле учурда Шырнакта улантылып жаткан террор менен күрөшүү операцияларында да 15 террорист өлтүрүлдү.



Тектеш кабарлар