Террор менен күрөшүүдө Түркия жалгыз калтырылды...

Эрдоган «Адилеттик жана мээрим» аттуу Эл аралык кыска метраждуу кино тасма сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышты.

487188
Террор менен күрөшүүдө Түркия жалгыз калтырылды...

 Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сирияда террор уюму ДЕАШ менен күрөшүп жатканын айткандардын эч биринин, бул уюмду Түркиячалык зыянга учурата албаганын белгилеп, бул күрөштө Түркиянын жалгыз калтырылганын айтты.

Эрдоган, Стамбулдун Чекмекөй муниципалитети уюштурган «Адилеттик жана мээрим» аттуу Эл аралык кыска метраждуу кино тасма сынагынын сыйлык тапшыруу аземине катышты.

Эрдоган, ал жердеги сөзүндө дүйнөнүн бир бурчунда карапайым адамдар кырылып жатканда, башка бир бурчунда миллиарддаган киши кайдыгерлик менен өзүнүн байлыгын көбөйтүү аракетинде болгонуна көңүл буруп: «Зулум дикторлордун, аесуз террор уюмунун коркунучунан качкан бейкүнөө балдар жана аялдар, аларга карата мээрим төккөн кайрымдууларды эмес, каалгалары жабылган, дубалдар тургузулган өлкөлөргө туш болууда», деген сереп салды.

Сирияда 6 жылдан бери болуп жаткандар боюнча адамзат сынактан өтө албаганын белгилеген Эрдоган: «Түркия көңүлүн жана чек араларын карапайым адамдарга ачып жатканда, үч маймылды ойногондор, тема өздөрүнө келгенде алгачкы иши каалгаларды жабуу болду. Мына буларда мээримдүүлүк жок, буларда адилеттик жок. Буларда диктатордук бар, буларда зулумдук бар. Биз маселени өз булагында чечүүнү, Сирияда коопсуз аймак түзүп, адамдарды көчүүгө мажбурлаган себептерди жоюу сунушун айтканыбызда, өжөрдөнүп андай нерсе болбой турганын айтуусун улантышты»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Сирияда ДЕАШ менен күрөшкөнүн айткандардын эч бирси, биз сыяктуу чыгым төлөгөн жок. Бир жагынан жанкечтилер менен экинчи тараптан Килиске багытталган кол салуулар менен жаныбызды кейиткен террор уюмдарына каршы күрөшүүбүздө бизди жалгыз калтырышты. Анкара жана Стамбулда жарылган бомбаларга каршы чыгуулар менен, Парижде, Брюсселде болгон акцияларга каршы чыгуулардын ортосундагы айырма, адилетсиздиктин такалып калган абалынан башка нерсе эмес»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунда жалгыз гана христандар түзгөн кеңешме болгонуна көңүл бурган Эрдоган, «1,7 миллиард мусулман жашаган бул дүйнөдө БУУда эч бир мусулман өлкөнүн жоопкерчилик таасири, белгилөөчүлүгү жок. Биз бул тууралуу үн салуубузду улантабыз. Сөз менен айта берип, сүйлөшө берип, түшүндүрө берип эртедир кечтир 5 өлкөнүн тышындагы 190 өлкөнүн да ал жерде өкүлдүк кылышын камсыздайбыз, камсыздашыбыз керек»,-деп айтты.

Сириядагы согушка чечим табуу темасында 5 туруктуу мүчөнүн бирөө гана «каршы» чыкса, ал жерде кандайдыр бир кадам ташталбай турганын кошумчалаган Эрдоган: «Ушундай адилеттик болобу? Сиз ушундай Коопсуздук кеңешинен адилеттикти кантип күтөсүз? Өзүбүздү эмне үчүн алдап жатабыз?»,-деп каршылык көрсөттү.



Тектеш кабарлар