Түркиядан Сомалиге жардам кемеси жөнөтүлдү

Сомали үчүн даярдалган 11 миң тонналык азык-түлүк жардамын камтыган кеме Хайдарпаша портунан узатылды.

486701
Түркиядан Сомалиге жардам кемеси жөнөтүлдү

 

Түрк Кызылайы менен Премьер-министрликке караштуу апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгы  (AFAD) уюштурган жана Сомали үчүн даярдалган 11 миң тонналык азык-түлүк жардамын камтыган кеме Хайдарпаша портунан узатылды.

 AFADдын башчысы Фуат Октай: “Кызылайыбыз менен бирге бүгүн, «Энелер күнү» болгондуктан атайын тандалды. Сомалилик энелерди да колдогонубузду көрсөткүбүз келет. Биз жиберген бул жардамдар мамлекетибиздин жана улутубуздун жардамы болуп саналат»,-деди.

Түрк Кызылайынын төрагасы Керем Кынык болсо Хайдарпаша портунун тарыхта жардам кемелерине көп жолу күбө болгонун эске салып, бул жардамдын да мунун бир үлгүсү экенин айтты.

Сомали жана Чыгыш Африканын 2011-жылы терең адамзат кризисине туш болгонун билдерген Кынык: «Ошол күнү улутубуздун жана мамлекетибиздин чоң аракети менен адамзат операциясы башталды. Ошол күнү мамлекеттик мекемелер менен бирге бул жардамдарды ал аймакка жеткирдик. Апааттын алгачкы таасирлери өткөндөн кийин ал аймакты даңазалай турган жана өнүктүрө турган инвестицияларды баштадык»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар