Ахмет Давутоглу Босния - Герцеговинага барат
Давутоглу Баня Лукада кайрадан курулган Ферхадийе мечитинин ачылышын аткарат
485522
Премьер – министр Ахмет Давутоглу эртең Босния – Герцеговинага барат. Премьер – министрликтен берилген маалыматка караганда Давутоглу Түрк Кызматташтык жана Координация агенттигинин төрагалыгы тарабынан Баня Лукада кайрадан курулган Ферхадийе мечитинин ачылышын аткарат. Ферхадийе мечити 1993 - жылы 7 - майдагы жарандык согушта сербдер тарабынан кулатылган. Премьер – министр Давутоглунун ошол эле күнү өлкөгө кайтып келүүсү күтүлүүдө.