Европага визасыз кирүүгө бир кадам калды

ЕБ Комиссиясы Шенген өлкөлөрүнө саякатка чыгууларда Түркия атуулдары үчүн визалардын жюлушу багытында сунуш токтомун чыгарды.

484634
Европага визасыз кирүүгө бир кадам калды

Европа Биримдиги Комиссиясы Шенген өлкөлөрүнө саякатка чыгууларда Түркия атуулдары үчүн визалардын жюлушу багытында сунуш токтомун чыгарды.

Комиссия Түркия менен Биримдиктин ортосунда визасыз режим диалогунун алкагында жол картасынын ишке ашырылышына карата 3-отчетун жарыялады.

Отчетто Түркия жарандары үчүн визалардын июнь айынын акырында жоюлушун көздөгөн сунуш токтомуна орун берилди.

Комиссиянын токтомунда Түркиянын орундатышы керек болгон 72 критерияга байланыштуу кошумча мөөнөт талап кылынбаса да, бүтүрүлө элек 5 критерий калганын жарыялады.

Отчетко байланыштуу жарыя, ЕБ комиссиясынын башчысынын биринчи орун басары Франс Тиммерманс менен ЕБ комиссиясынын Көч, ички иштер жана атуулдук боюнча жооптуу мүчөсү Димитрис Аврамопулос тарабынан окулду.

Ушундайча комиссия сунуш токтомунун артында күчтүү түрдө турганынын маалыматын берди.

ЕБ Комиссиясынын сунуш мүнөзүндөгү токтому, Европа Парламенти жана ЕБ Кеңешинин добуш берүүсүнөн кийин ишке ашырууга өтүлөт.

Бул үчүн сунуш токтому, алгач Европа Парламентинин жарандык эркиндиктер, адилеттик жана ички иштер комитетинде каралат.

Андан соң токтом, Европа Парламентинин Башкы ассамблеясынын бекитүүсүнө сунушталат. Добуш берүүдө кабыл алуу үчүн так көпчүлүк жетиштүү болот.

Учурдагы абалда 28 мүчөдөн эң аз 16сынын макулдугу жетиштүү болот. Бирок бекитүү добушун берген өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны ЕБнин калкынын санынын 65 пайызын түзүшү шарт. Эгер бул жерде да күтүлгөндөй визасыз режим бекитилсе, токтом ЕБнин Расмий гезитинде жарыяланып күчүнө кирет.

Визалар жоюлса Түркиянын атуулдары июнь айынан баштап; Германия, Австрия, Бельгия, Чех Республикасы, Дания, Эстония, Финляндия, Франция, Нидерланды, Испания, Швеция, Швейцария, Исландия, Италия, Латвия, Литва Лихтенштейн, Люксембург, Венгрия, Мальта, Норвегия, Польша, Португалия, Словакия, Словения жана Грецияга визасыз кире алышат.

Буга кошумча катары шаар мамлекеттери Монако, Сан-Марино жана Ватиканга да визасыз кире ала турган Түркия атуулдары, туристтик жана башка саякаттарында бул өлкөлөрдө эң көп 90 күн кала алышат.

Англия жана Ирландиянын виза коюшу Шенгенге мүчө болбогондору үчүн улана берет.



Тектеш кабарлар