Давутоглу 22-майдагы партия курултайында талапкер болбойт
Давутоглу, бул чечимди ийгиликсиздик же өкүнгөндүк сезими менен чыгарбагандыгын белгиледи.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын 22-майда боло турган кезексиз курултайында Партиянын жетекчилигине талапкер болбой турганын жарыялады.
Партиясынын борбордук чечим чыгаруу башкаруу кеңешинин жыйналышынан кийин басма сөзгө маалымат берген Давутоглу, бул чечимди ийгиликсиздик же өкүнгөндүк сезими менен чыгарбагандыгын белгиледи.
Давутоглу: «Биздин мезгилдерибиз ийгилик мезгилдери болду. Менин бул токтомду чыгарууда кандайдыр бир түрдө ийгиликсиздик сезими же мен тараптан өкүнүү сезими болгон жок. Кылган кызматымды ак ниеттүүлүк жана сыймыктануу менен аткардым»,-деп айтты.
Ахмет Давутоглу, 22-майдагы кезексиз курултайдан кийин, иштерин АК партиянын эл өкүлү катары уланта бере турганын билдирди.
Давутоглу: «Президентибиздин сыймыгы, Түркия Республикасынын Президенти катары дагы жана мени менен бир жолдо бараткан киши катары дагы менин сыймыгым. Анын үй-бүлөсүнүн сыймыгы менин үй-бүлөмдүн сыймыгы. Анын үй-бүлөсү менин үй-бүлөм болуп эсептелет»,-деди.
Тектеш кабарлар
Министр Байрактар кытайлык кесиптеши менен жолугушту
Министр Байрактар жолугушууга байланыштуу билдирүү жарыялады.