ДЕАШ террор уюмуна жооп кайтарылды

Сириядан Килиске төрт ракета атуусуна жооп кайтаруу иретинде жүргүзүлгөн операцияда 13 террорист жок кылынды.

483803
ДЕАШ террор уюмуна жооп кайтарылды

ДЕАШ террор уюмунун Сириядан Килиске төрт ракета атуусуна жооп кайтаруу иретинде жүргүзүлгөн операцияда 13 террорист жок кылынды.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Килистеги алдыңкы чек ара пунктунун жооптуу аймагына кечинде атылган 4 ракета коопсуздук пунктунун имаратынын тышындагы бош аянтка түштү.

Бул боюнча аймактагы бутаны белгилөө радары менен ракета атылган Туркуман Барик аймагындагы ДЕАШ буталары белгиленди.

Чек арада орун алган «Фыртына» пушкалары жана көп түтүктүү ракета атуучу батареялар менен атылып ДЕАШка мүчө 13 террорист жок кылынды, көп сандаган террорист да жаракат алды.

Бул ок атуулардын натыйжасында экөө Дошка куралын ташып жүргөн 4 унаа менен ошол эле аймакта белгиленген үч замбирек  талкаланды.

Килиске Сириядан кечээ эртең менен да снаряд атылган жана 1 киши жаракат алган. Дүйшөмбү күнү кечинде да шаарга Сириядан снаряд атылып 1 киши каза болгон жана 2 киши жаракат алган.



Тектеш кабарлар