Хорватияда бардык диндердин мүчөлөрү жанаша ынтымактуу жашаганын көрүү кубандырат

Эрдоган «Хорватияда исламияттын расмий дин катары кабыл алынышынын 100 жылдыгы» мааракесинде сөз сүйлөдү.

480189
Хорватияда бардык диндердин мүчөлөрү жанаша ынтымактуу жашаганын көрүү кубандырат

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, чын жүрөктөн жанаша жашоо маданиятын жактагандарды бири-бирине кагылыштырууну каалагандардын өз кара мүртөз ойлоруна көмүлө тургандарын айтты.

Эрдоган Хорватиянын Ислам биримдиги башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Хорватияда исламияттын расмий дин катары кабыл алынышынын 100 жылдыгы» мааракесинде сүйлөгөн сөзүндө, Хорватиянын жерлеринин исламият менен таанышуусунун байыркыга чейин жеткенин, кылымдар бою мусулмандардын бул жерлерде тынчтык, ынтымак жана коопсуздук ичинде жашагандарын айтты.

Хорватиянын 1991-жылы көз карандысыздыкка ээ болушунан кийин ар ким сыяктуу мусулмандар туш болгон кыйынчылыктардын да соңуна чыкканын сөз кылган Эрдоган: «Учурда да Хорватияда эркин түрдө диний вазийпаларын орундаткандарын, эч бир бөлүүчүлүккө туш болбостон ынтымактуу жашагандарын көрүүдөбүз. Шексиз бул жактыруу жана эркиндик чөйрөсү жалгыз гана мусулмандарга таандык жагдай эмес, бардык диндер жана маданияттар үчүн жарактуу»,-деп айтты.

Аземде Ислам аймагынын ар башка өлкөлөрүнөн коноктор келгенине токтолгон Эрдоган: «Ар бириңиз өз өлкөлөрүңүздө жана коомчулуктарыңызда маанилүү милдеттерди, оор жоопкерчиликтерди көтөрүүдөсүздөр. Жашаган өлкөңүздө ажыраткан эмес, аралаштыруучу болушуңуз, биримдик жана ынтымакты шыктандырышыңыз абдан маанилүү»,-деди.

Толеранттуулук жана диалогдун маанисин баса белгилеген Эрдоган: «Диндер аралык байланыштарды тарыхтын кайгылуу окуялары аркылуу кароо жаңылыш болот. Бүгүнкү күндө кайгылуу окуяларды эмес, жанаша жашоого байланыштуу жакшы үлгүлөрдү сүйлөшүүбүз керек. Учурда Хорватия бизге чындап эле мактоого арзырлык, үлгү алынса боло турган сейрек картинаны тартуулоодо. Биз да өлкөбүздүн коомдук мозаикасын түзгөн ар башка диндерди жана маданияттарды Түркиянын баалуу казынасы катары көрүүдөбүз. Булар айырмачылык эмес, тескерисинче байлык болуп саналат»,-деп айтты.

Түркиянын акыркы 13 жылынын өлкөдөгү бардык эл катмарларында болгону сыяктуу христиан жана мусевилердин  (иудейлердин) укук жана эркиндиктеринин кеңейтилген мезгили экенине көңүл бурган Эрдоган, мындан кийин да ушундай эле түшүнүк жана ушундай эле көз караш менен жолдорун уланта тургандарын билдирди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар