Эрдоган Бакуда...

Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун цивилизациялар шериктештигинин 7-Дүйнөлүк форумуна катышуу үчүн Бакуга барып, президент Илхам Алиев менен жолукту.

478206
Эрдоган Бакуда...

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун цивилизациялар шериктештигинин 7-Дүйнөлүк форумуна катышуу үчүн барган Азербайжанда президент Илхам Алиев менен жолукту.

Загулба президенттик сарайында өткөн жолугушууда Эрдоган жана Алиев, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген достук жана туугандык карым-катнаштарынын бардык тармактарда ийгиликтүү болгону үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Жогорку деңгээлдеги көз караштардын, карым-катнаштардын өнүгүшү жагынан жыйналышка чоң маани беришкен лидерлер, карым-катнаштардын мындан кийин да өнүгө турганына ишенгендерин белгилешти.

БУУнун цивилизациялар шериктештигинин 7-Дүйнөлүк форумунун жүрүшү да талкууланган жолугушууда, бул иш-чаранын эл аралык кызматташууга салымы зор экенин сөз кылышты.

Эрдоган жана Алиев, Түркия жана Азербайжандын биргелеше жүргүзгөн Транс Анадолу жаратылыш газ кууру долбоору (ТАНАП) баш балгон энергетика тармаргындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү темасы менен Тоолуу Карабагда болгон акыркы абалдарды да сүйлөшүп, «Бир улут, бир мамлекет» ураанын баса белгилешти.

Эки тараптуу жолугушуудан кийин Алиев, Эрдогандын урматына сый тамагын берди. Президент Эрдогандын жубайы эмине Эрдоган менен Алиевдин жубайы Мехрибан Алиева да катышкан тамакта 1,5 саат баарлашышты.



Тектеш кабарлар