Террор уюмуна таандык буталар таамай атылды

Террорго каршы операциялар тынымсыз жүргүзүлүүдө.

475461
Террор уюмуна таандык буталар таамай атылды

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү жарыясында Хаккаринин Даглыжа жана Шырнактын Улудере райондорунда белгиленген жикчил террор уюмунун буталарына абадан операция уюштурулганы жарыяланды.

Анда чалгындоолордун каралып чыгышынын натыйжасында Хаккаринин Даглыжа районунда белгиленген жикчил террор уюмунун буталарына 4, Шырнактын Улудере районунун түштүгүндөгү элет жерде белгиленген буталарга болсо 6 даана F-16 согуштук учагы менен абадан операция жүргүзүлгөнү, бардык буталардын таамай атылып жок кылынганы билдирилди.



Тектеш кабарлар