Ар бир баш калкалоочуга 85 евро төлөнөт

Бул акчанын 100 лирасын Түркия, 170 лирасын болсо Европа Биримдиги төлөйт.

474465
Ар бир баш калкалоочуга 85 евро төлөнөт

Ар бир баш калкалоочуга 85 евро төлөнөт.

Премьер-министрликке караштуу Апаат жана курч кырдаалды башкаруу төрагалыгы (AFAD), баш калкалоочуларга карата иш-чара планын даярдады.

«Түркиядагы баш калкалоочуларга жардам» жана «Түркиядан кете турган баш калкалоочулар» темалуу эки план аркылуу адам уурдоолорго бөгөт коюлушу максатталууда.

Иш-чара планы, Европа Биримдигинен баш калкалоочулар үчүн 3 миллиард евролук колдоосу келээри менен ишке аша баштайт.

Европа Биримдигинин каражаты, баш калкалоочуларга билим берүү, медициналык тейлөө жана гуманитардык жардамда колдонулат.

Түркия ар бир баш калкалоочуга азык-түлүк карточкасы аркылуу 100 лира берип жатат.

Ушундайча азык түлүк карточкасы аркылуу берилген каражат 85 еврого көбөйөт. Ушул алкакта азык-түлүк колдоосу ар бир кишиге 170 лира көбөйгөн болот.

Бул акчанын 100 лирасын Түркия, 170 лирасын болсо Европа Биримдиги төлөйт.

Германиянын Федералдык техникалык жардам агенттигинин делегациясынын Түркияга сапарынан кийин даярдалган план, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Европа Кеңешинин төрагасы Доналд Туск жана Европа комиссиясынын биринчи төрага орун басары Франц Тиммермандын жуманын аягында ишке аша турган Газиантепке расмий сапарында да каралат.

Пландын акыркы баскычын болсо премьер-министр Ахмет Давутоглу менен Ангела Меркель тактайт. ​



Тектеш кабарлар