Террористтерге каршы операциялар уланып жатат

Операция учурунда эки полиция шейит болду

472808
Террористтерге каршы операциялар уланып жатат

Мардиндин Нусайбин жана Хаккаринин Йүксекова райондорунда кечээ террористтердин кол салуусунан 2 полиция шейит болду.

Нусайбинде коопсуздук күчтөрүнүн операциясы убагында террористтер тарабынан мурда жайгаштырылган жарылуучу зат жарылды.

Жарылуудан 4 полиция жаракат алды.

Нусайбиндеги мамлекеттик ооруканага жаткарылган жаралуу полициядан бирөө бардык аракеттерге карабастан куткарыла алган жок.

Йүксековадагы операциялар убагында да террористтердин кол салуусунан 1 полиция шейит болуп, 2 аскер жаракат алды.

Жаралуу аскерлер Йүксековадагы мамлекеттик ооруканада дарыланып жатышат.


Этикеткалар: #Террористтерге , #шейит

Тектеш кабарлар