Корль Селман бин Абдүлазиз рахмат айтты

Селман түрк өкмөтү жана калкына саммит даярдыктары жана уюштуруусунан улам рахмат айтты

471681
Корль Селман бин Абдүлазиз рахмат айтты

Сауд Аравиянын Королу Селман бин Абдулазиз Ислам Кызматташтык Уюмунун 13 - саммитин өткөргөнү үчүн түрк өкмөтү жана калкына рахмат айтты. Король Селман социалдык бөлүшүү сайты твиттерден берген маалыматында : «Дүйнөдө тынчтыктын түзүлүшү жана мусулман калктарга кызмат кылуу үчүн Ислам Кызматташтык Уюму саммитинин максаттарын ишке ашырарын ойлоп жатабыз»,- деди.

Селман айрыкча түрк өкмөтү жана калкына саммит даярдыктары жана уюштуруусунан улам рахмат айтты. Стамбулда өткөрүлгөн саммитте Түркия жана Сауд Аравиянын эки тараптуу карым – катнаштарын дагы да күчтөндүрүү максатында президент Р. Т. Эрдоган менен Сауд Аравиянын королу Селман бин Абдүлазиз Ал Сууддун алдында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Мевлют Чавушоглу жана Адил бин Ахмед ел Жубейр тарабынан Сауд - Түрк Координация кеңешинин курулушуна байланыштуу макулдашуу документине кол коюлган.



Тектеш кабарлар