Волкан Бозкыр Европа Биримдигинин отчету тууралуу маалымат берди

1915 - жылдагы окуялар тууралуу сөздөр орун алган Европа Парламентинде добуш көптүгү менен кабыл алынган отчетто террордук уюм катары кабыл алынган ПККга куралдарды таштоо чакырыгы жасалды

471200
Волкан Бозкыр Европа Биримдигинин отчету тууралуу маалымат берди

Европа Биримдиги жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Европа Парламенти кабыл алган Түркия алдыга жылуу отчетунун жок өкүмүндө экендигин айтты. Отчеттун Европа Парлментине кайтарыларын белгилеген Бозкыр : «Түркия катары тарыхыбызда биз уяла турган учур жок. Бардык архивдерибиз ачык. Бул тууралуу тарыхчылардын чечим чыгаруусу керектигин ойлойбуз. Саясатчылар тарых жазбашы керек. Тарыхый окуялар тууралуу саясий чечимдер менен жыйынтык чыгарылбашы керек»,- деди.

1915 - жылдагы окуялар тууралуу сөздөр орун алган Европа Парламентинде добуш көптүгү менен кабыл алынган отчетто террордук уюм катары кабыл алынган ПККга куралдарды таштоо чакырыгы жасалды.

Анкара өкмөтү менен Европа Биримдигинин ортосунда түзүлгөн качкындар келишимине орун берилген отчетто Түркия качкындарга байланыштуу иштеринен улам мактоого алынды.

Отчетто Түркиянын дүйнөдө эң көп качкын тосуп алган өлкө экендиги, абдан чоң адамзаттык салым кошкону баса белгиленип, сириялык качкындарга иштөө уруксатынын берилишине чечим чыгаруусу ыраазычылык менен кабыл алынды.

Түрк жарандарына виза эркиндиги тууралуу жол картасында белгиленген критериялардын ишке ашырылышы тууралуу түрк жарандарына карата визанын жоюлушу мүмкүн экени белгиленди.



Тектеш кабарлар