Террор

Террордук кол салууда бир полиция менен бир жаран каза тапты

467988
Террор
  • Мардиндин Дерик районунда полиция турак жайына террористтер ок атып, бир полиция шейит болуп, бир жаран да каза болду. Берилген маалыматка караганда Дерик районунун Бахчелиевлер мааласындагы полициялык турак жайга террористтер тарабынан узун аралыкка атуучу куралдар менен кол салуу жасалды.
  • Кол салууда 1 полиция менен 1 жаран жараланды. Жаралуулар алып барылган Дерик мамлекеттик ооруканада жардамдарга карабастан куткарыла албады. Ошол эле учурда коопсуздук күчтөрүнүн террорго каршы жүргүзгөн операциясы улантылууда.
  • Мардиндин Нусайбин районунда террордук уюм ПКК террористтерине карата операция улантылып, коопсуздук күчтөрү тарабынан 900дөн ашуун жаран операция жүргүзүлгөн аймактан чыгарылды.


Тектеш кабарлар