Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады

Түркия менен Израиль карым – катнаштарынын нормалдашуусуна карата жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө алдыга жалуу бар

466907
Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады
  • Түркия менен Израиль карым – катнаштарынын нормалдашуусуна карата жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө алдыга жалуу бар. Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кеңешчи, элчи Феридун Синирлиоглу менен Израиль премьер – министринин атайын өкүлү Жозеф Чехановер менен Израиль Улуттук Коопсуздук Кеңешинин төрага өкүлү Якоб Нагелдин жетекчилигиндеги түрк жана Израиль делегацияларынын Англиянын борбор шаары Лондондо жолугушканы билдирилди. Маалыматта тараптардын макулдашуу текстинде алдыга жылуу болгону жана келишимдин жакынкы бир убакта боло турган жыйында жыйынтыкталуусу менен макулдашылганы белгиленди.
  • «Мави Мармара» кол салуусунан кийин бузулган Түркия – Израиль карым – катнаштарын кайрадан нормалдаштыруу максатында башталган сүйлөшүүлөрдүн негизинде биринчи жолу 10 - февралда Швейцариянын Женева шаарында жолугушкан тараптар ордун толтуруу боюнча макулдаша алган эмес.
  • 2010 - жылы 31 - майда Газага жардам алып баруу үчүн жолго чыккан жана Израиль аскерлеринин кол салуусуна учураган «Мави Мармара» аттуу кемеде 9 киши каза болуп, 30 киши жараланган.


Тектеш кабарлар