Террорго каршы күрөшүү уланып жатат

ПККга мүчө террористтер кармалды

466141
Террорго каршы күрөшүү уланып жатат

Мардиндин Нусайбин районунан шейит кабары келди.

Коопсуздук күчтөрү тарабынан Фырат кыштагында жүргүзүлгөн операцияда, террордук уюм ПККга мүчө террористтердин куралдар менен ок атышынан бир полиция оор жаракат алды. Жаралуу полиция ооруканада шейит болду.

Битлисте болсо жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтер менен кагылышкан айыл коргоочусу шейит болду.

Бул учурда Болуда Полициянын атайын кыймыл топтору тарабынан жүргүзүлгөн операция убагында болгон кагылышууда бөлүүчү террор уюму ПККга мүчө 2 террорист өлтүрүлдү.

Тунжелиде да коопсуздук күчтөрү, бирөө оор жаралуу 2 террористти кармашты.

Бир тараптан Түрк согуштук учактары Ирактын түндүгүндө абадан операция жүргүздү.

Зап аймагындагы террористтерге таандык буталар жок кылынды.



Тектеш кабарлар