Армиянын генералы Хулуси Акар Пакистанга барды

Хулуси Акарга МемнунХүсейин тарабынан президенттик сарайда өткөрүлгөн азем менен «Артыкчылык медалы» тапшырылды

463085
Армиянын генералы Хулуси Акар Пакистанга барды

Башкы штабдын төргасы армиянын генералы Хулуси Акар Түркия менен Пакистандын ортосунда коргоо өнөр жайы тармагында кызматташтыктын өнүктүрүлүшү менен кызматкерлерди алмаштырууну улантууну максат кылышкандарын айтты.

Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда Пакистандын башкы штабынын төрагасы Решад Махмуддун чакыруусу менен Пакистанга барган генерал Акарга президент МемнунХүсейин тарабынан президенттик сарайда өткөрүлгөн азем менен «Артыкчылык медалы» тапшырылды.

Акар Пакистан кургак жер күчтөрүнүн командири генерал Рахил Шериф, Түркиянын Исламабаддагы элчиси Садык Гиргин жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Исламабаддагы өкүлү Али Сантел менен жолугушууларды өткөрүп, Пакистан Улуттук Коопсуздук Академиясына да барды.



Тектеш кабарлар