Президент Р. Т. Эрдоган Барак Обама менен жолугушту

Эрдоган - Обама жолугушуусу 50 минутага созулду

462608
Президент Р. Т. Эрдоган Барак Обама менен жолугушту

Президент Р. Т. Эрдоган Вашигтондогу эки тараптуу жолугушууларынын негизинде АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушуу АКШнын президенти Обаманын Вашингтондогу Атомдук коопсуздук саммитине катышкан мамлекет жана өкмөт башчыларынын урматына Ак үйдө берген тамактан кийин болду. Жолугушуу 50 минутага созулду.

Эрдоган менен Обаманын жолугушуусунда аймактык коопсуздук, террор менен күрөшүү жана качкындар тууралуу Түркия – АКШнын ортосундагы кызматташтык темалары каралды. Эки тараптуу сүйлөшүүдө айрыкча ДЕАШты жок кылууга карата аракеттерди арттыруу үчүн эмнелердин жасала алары каралды.

Обама Эрдоган менен жолугушууда Диярбакырда кечээ болгон террордук кол салууда каза болгондор үчүн көңүл айтып, жаралуулардын бат айыгып кетүүсүн каалаганын билдирди. Түркиянын коопсуздугу жана терроризмге каршы биргеликте күрөшүү боюнча жардам беришерин билдирди.

Эрдоган саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушууларын улантат.



Тектеш кабарлар