Ахмет Давутоглу - Пан Ги Мун сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Пан Ги Мун акыркы күндөрдө Ливияда өткөргөн жолугушуулары тууралуу премьер – министрге маалымат берди

461084
Ахмет Давутоглу  - Пан Ги Мун сүйлөшүүсү

Премьер – министр Ахмет Давутоглу БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Пан Ги Мун акыркы күндөрдө Ливияда өткөргөн жолугушуулары тууралуу премьер – министрге маалымат берип, Ливияда ыраатуулук үчүн жүргүзүлгөн иштерге Түркиянын кошкон салымынын улантылуусун суранды.

Премьер – министр Давутоглу да Түркиянын Ливиянын саясий биримдиги, ырааттуулугу жана коопсуздугу үчүн колдоо жана демилгелеринин күчтүү түрдө уланыларын баса белгилеп, бул өлкө үчүн коркунуч болгон ДЕАШка каршы эл аралык кызматташтыктын улантыларын белгиледи. Сүйлөшүүдө айрыкча 23 – 24 – май күндөрү Стамбулда өткөрүлө турган «Дүйнөлүк адамзаттык саммити» да кенен түрдө каралды.



Тектеш кабарлар