Аданада фламинго рекорду

Акятан лагунасында «кыш ортосунда куш саноодо» 89 миң 900 «чоң фламинго» саналда

456073
Аданада фламинго рекорду

Аданадагы Акятан лагунасындагы «чоң фламинго» рекордго жетишти. Акятан лагунасында «кыш ортосунда куш саноодо» аныкталган 89 миң 900 «чоң фламинго», жер жүзүндө ушул күнгө чейин бир аянтта белгиленген эң жогорку сан болду.

Суу куштарынын глобалдык өлчөмдө санын белгилөө максатында кыш ортосунда куш саноодо Чукурова делтасындагы 96 миң 232 «чоң фламингонун» 89 миң 900зү Акятан лагунасында саналды.

Жаратылышты коргоо жана улуттук парк 7 - аймактык директору Этем Боз дүйнөдө жалпы саны 600 миңге жакын болгон «чоң фламингонун» 15 пайызынын Аданада экенин белгилеп, аянттагы фламинго санында рекордго жетишүүсүндө башка суулуу аянттардагы оор кыш шарттарынын себеп болгонун болжошкондорун белгиледи.

Аянттын кызыккандар үчүн баш тартылгыс экенин айткан Боз, сөзү болгон аянттын жакшыртылышы жана дагы жакшы коргоого алынуусу үчүн иштерди аткарышкандарын белгиледи.

Боз бул аянттарда зыяратчылардын эркин түрдө байкоо жүргүзүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүү, куштарды байкоо мунаралары, жүрүш жолдорун салышарын билдирди. Ушул максатта жерлерди аныктоо иштердин улантылып жатканын айткан Боз келерки жылы кызматка сунууну пландашкандарын айтты.



Тектеш кабарлар