Эрдоган Бельгияны сындады
Эрдоган: «Бизге атылган куралдарды колдогондорду эч качан унутпайбыз»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркиянын террордун алаксытуусуна эч качан багынып бербей турганын айтты.
Президент Эрдоган: «Бизге атылган куралдарды колдогондорду эч качан унутпайбыз»,-деп айтты.
Халич конгресс борборундагы иш-чарада сөз сүйлөгөн Эрдоган, террористтердин максатынын адамдарды коркунуч жана кабатырланууга түртүү болгонунун абдан жакшы билингенин, бирок мындай түрдөгү кол салуулар менен максатына жеткен эч бир террор уюму болбогонун сөз кылды.
Эрдоган террор уюму ПККнын борбор шаар Брюсселде чатыр курушуна уруксат берген Бельгия бийлигине да сын пикирин айтты.
Бир теракт Парижде болгондо көбүрүп чыккандар ошондой эле теракт Анкарада же Стамбулда болгондо эмне үчүн үн катпай калгандарын сураган Эрдоган, Брюсселде террор уюму ПККга таандык чүпөрөктүн желбиретилишине уруксат берилишинин достук менен эч байланышы болбогонун баса белгиледи.
ЕБ бул уюмду террорист деп жарыяласа да мындай түрдөгү окуяларга уруксат берген Брюссель башкаруучулугуна каршы чыккан президент: «Бул кыйын мезгилдерде биз менен болгон досторубузду эч качан унутпайбыз. Бизге атылган куралдарды колдогондорду да унутпайбыз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.